Домой Экономика Май айында калктан төлөм чогултуу 110,4% аткарылды, – «Түндүк электр» ААКы

Май айында калктан төлөм чогултуу 110,4% аткарылды, – «Түндүк электр» ААКы

4

северэлектроУшул жылдын май айында «Түндүк электр» ААКнын бөлүштүрүү тармагына 296 млн 400 миң кВт.саат электр энергия келип түшкөн. Бөлүштүрүү компаниянын товардык продукциясы 244 млн 200 миң сомду түзсө, ошол эле учурда 280 млн 800 миң сом чогулуп, же болбосо жарыяланган суммадан 115%ды түздү. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл башынан бери жоготуулардын көлөмү, 2012-жылдын ошол эле убагына салыштырмалуу 3,6% кыскарган.

Май айында калктан төлөм чогултуу 110,4% аткарылды, өнөр жай объектилери боюнча – 120,5% , бюджеттик мекемелер боюнча – 147,8%, айыл-чарба объектилери боюнча – 93,6% жана башка пайдалануучулардын –110,6% коюлган эсептен суммасы аткарылды.

Май айынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардын төлөм чогулуму борбор шаарда -118,1%, Чүй облусунда – 111,4%, Талас облусунда – 115,9%ды түзгөн.

Булак : Баракелде