Домой Экономика Майкл Фишер: “Кумтөр” пара албайт да, бербейт дагы

Майкл Фишер: “Кумтөр” пара албайт да, бербейт дагы

4

кумтор“Кумтөр Оперейтинг компани” компаниясынын президенти Майкл Фишер кечээ, 10-июлда журналисттер менен болгон жолугушууда пара алуу же берүү компаниянын принциптерине жатпай турганын билдирди.

Мындай билдирүүнү Фишер журналисттердин жогорку кызматтагы адамдарга түрдүү маселелерди чечип берүү үчүн аларга чоң өлчөмдө пара берилгендиги тууралуу суроосуна жооп берип жатып жасады.

“Биздин компания пара бербейт да, албайт дагы. Биз маселени чечүүдө эгер талап кылына турган болсо сотко кайрылууга даярбыз. Бирок, биз пара бербейбиз. Бул компаниянын принциби башынан эле коюлган. Кээде иштерди сот аркылуу чечүү көп убакытты ала турганын түшүнөбүз. Бирок биз маселе ойдогудай чечиле турганын билебиз”,- дейт ал.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/