Домой Коом “Макмал алтындагы” чыр чатакты жетекчилик өз жеринде жойду

“Макмал алтындагы” чыр чатакты жетекчилик өз жеринде жойду

9

“Макмалдагы” чыр чатактын келип чыгышынын негизги себеби ОсОО “Джи эл Макмал девелопинг” компаниясынын өкүлдөрүнө байланыштуу болгонун айтышууда. Алтын казып алуу фабрикасынын кызматкерлери өздөрү короткон акчаны жашырууну көздөшкөнү айтылууда.

“Макмал алтындагы” чыр чатакты жетекчилик өз жеринде жойду

– Биздин угушубузча, алар тараптан иш аткарылган эмес, ал эми которулган акчалар туура эмес жакка кеткен. Инвесторлорго отчет бериш керек. Отчеттон качкан тарап митинг уюштуруп, өрттөп, мүлктү талкалоо менен коштолгон – дейт митингдин күбөсү.

“Макмал алтындын” аймагында курулган фабрика мыйзамсыз курулган.

УКМК ушул тапта алтын кенинин аймагында фабриканы куруу үчүн мыйзамсыз жер бергендиги үчүн КРнын Кылмыш жаза кодексинин 304-берененин негизинде (Кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) жана 221-беренесинин (Коммерциялык жана башка мекемелердин кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш ишин козгошту.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районундагы тургундар митингге чыгып, “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын офисин жана фабриканы өрттөшкөн.учурда митингди уюштурган 12 адам кармалды. Бирок, чыныгы уюштуруучуларды табышкан эмес.

Булак: bv.kg