Домой Саясат Максат Кунакуновдун Каркыра жайлоосун сатууга «макул» деп добуш бергени чын

Максат Кунакуновдун Каркыра жайлоосун сатууга «макул» деп добуш бергени чын

15

Каркыра жайлоосу«Жаштар өкмөтү» кыймылынын өкүлү Максат Кунакунов «Искра» гезитине курган маегинде эки маселенин башын ачыптыр. Ал Равшан Жээнбеков баш, Мелис Мырзакматов төш болгон Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлерин Кыргызстанда баш-аламандык уюштурганы жатат деп айыптап, аларга каршы чыгарын расмий жарыялаган. «Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн бардыгы мурдагы саясатчылар, мурунку бийликтегилер. Биздин жаңы өкмөттүн түзүлгөнүнүн максаты да ушул. Бийликтегилер улам орун алмашпай жаңылансын деп жатабыз. Бизди булар тажатты. Керек болсо «Майдан» кылабыз дегендери кыжырды келтирет. Жаштар өкмөтү ага жол бербейбиз. Же болбосо дагы бир төңкөрүштөрдү кыла турган болсо да жол жок. Анткени бул Кыргызстан үчүн кыйынчылык алып келип калат» деген Максат мырза УОКко кирбей, «Ата журттан» чыгып, өз алдынча саясат жүргүзүп жаткан Садыр Жапаровдун камчысын катыра чабарын билдирип койгон.

Сөзүн андан ары улаган Кунакунов Каркыра жайлоосун бөтөн мамлекетке өткөрүп берүүгө макулдугун бергенин жашырган эмес. Каркыра боюнча макулдук бергеним бул чын. Аны танбайм…» деген Кунакунов бул кадамы үчүн өкүнбөй тургандыгын баса белгилеген. Эмне демекчибиз? Но коммент…

Айбат гезити №69