Домой Саясат Максим Бакиев Улуу Британиядан дагы куулабы?

Максим Бакиев Улуу Британиядан дагы куулабы?

4

Максим БакиевМаксим Бакиев ханзаадалык доорунда жакшы эле чартанбай тээп, баштан ашкан байлык чогултканы ачыкка чыгууда. Ал гана эмес, убагында британиялык ишкер Шон Дейлини өлтүрүү максатында кол салуу уюштурганы үчүн Биринчи Май райондук соту Максимчикти сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмүн окуган. Шон Дейли учурда Улуу Британиядагы “Оксус” компаниясын жетектейт жана бир кездеги кылмыштуу иши үчүн Максим Бакиевди сотко бергенин “Стандарт” басылмасы жарыялады.

Басылманын ырасташынча, Ш.Дейли денсоолугуна олуттуу доо кетиргени үчүн жана Максимдин 5,3 млн. долларлык “особняк” сатып алганына кыжырданып, сотко кайрылыптыр. Сот процесси ушул жылдын июнунда башталат. Сот кандай чечим чыгарарын убакыт көрсөтөр. Эгер биздегидей чечим чыгарса, анда кенже Бакиев кайда барып баш калкалаары кызык болуп туру.

Айбат гезити №124