Домой Маек Мамат Айбалаев: Эч кандай коркунуч жок

Мамат Айбалаев: Эч кандай коркунуч жок

4

Айбалаев Марат– Мамат мырза, акыркы маалда Кыргызстанда ар кандай кырдаалдардан улам, өлкөнүн коопсуздугу боюнча ар түрдүү жоромолдор айтылууда, мамлекетибизде кандайдыр бир коркунучтар жаралып кетиши мүмкүнбү?

– Эч кандай коркунуч жок. Болгону түндүк-түштүк маселесин көтөрүп жаткан айрым бир  саясий чөйрөдө кызыктар тараптын чыгарган “оюндары” болушу мүмкүн.

– Кыргызстандын сырткы жана ички коопсуздук боюнча абалды кандай баамдоодосуз?

– Эч кандай коркунуч жок, бардыгы стабилдүү.

– Жазында кырдаал курчуп кетет деген кептер айтылып, элдердин үрөйүн учурга аракеттерди көргөнсүйт. Чынында эле ушундай болуп кетиши мүмкүнбү?

– Буга да эч кандай себеп жок. Болгону Кумтөр маселеси элдин талабындагыдай чечилсе эле тынчтык болот.

– Азыркы тапта Кыргызстанда жаңыдан саясатка аралашып, элдин көйгөйлүү маселелерин чечип келе жаткан жаштарыбыз бар эмеспи. Булардын кадамдарына кандай баа бере алат элеңиз?

– Албетте, жаштарыбыздын жакшы аракеттерине туура баамды берет элем. Алардын арасында саясий партияларды түзүп, жетектеп жатышат. Себеби, жаштар шайлоолорго мыйзамдуу түрдө катышып, бийликке келүүгө аракеттерди көрүп келет. Жаштарыбызды колдошубуз керек.

Айбат гезити №60