Домой Экономика Мамбюджетти колдош үчүн донор Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет.

Мамбюджетти колдош үчүн донор Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет.

3

Бул сумманын 12 млн доллары – гранттык каражаттар, калган 13 млн доллары- насыялар

  доллары

Мамлекеттик бюджетти колдош үчүн үстүбүздөгү жылы Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 25 млн доллар бөлүп берет. Тиешелүү токтом долбоорун депутаттар бүгүн, 24-июнда парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитеттин жыйынында үчүнчү окууда колдошту.

КРдин экономика министри Ольга Лаврованын айтымында, бул сумманын 12 млн доллары – гранттык каражаттар, калган 13 млн доллары – насыялар. Алар республикага жыл сайын 0,75 пайыздык үстөк менен берилмекчи.