Домой Экономика Мамлекет эгинди дыйкандардан базар баасында сатып алат

Мамлекет эгинди дыйкандардан базар баасында сатып алат

33

p-0001_100516Мамлекет быйылкы кылкандуу дан-эгиндеринин түшүмүн дыйкандардан базар баасында сатып алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кылкандуу дан-эгиндерди жыйноонун башталышы менен кээ бир дыйкандар запасты толуктоо үчүн мамлекет эгинди сатып албайт деп кооптонууда. Андай кооптонууга негиз жок”,- деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, быйыл мамлекет Мамлекеттик резерв фондунун линиясы аркылуу 20 миң тонна буудай сатып алат жана 5 миң тонна буудайды унга алмаштырат. Эгинди сатып алуу төмөндөтүлгөн баада эмес, базар баасында болот.

Учурда сатып алуу баасы тууралуу документ макулдук алуу үчүн Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агентигине жөнөтүлдү,- деп айтылат билдирүүдө.