Домой Экономика “Манас” аэропортунун кирешеси 30 пайызга төмөндөдү

“Манас” аэропортунун кирешеси 30 пайызга төмөндөдү

4

п2013-жылдын биринчи жарым жылынын жыйынтыгында “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКтын кирешеси 30%га төмөндөп кеткени белгилүү болду. Бул Транзиттик жүк ташуу борборунун активдүүлүгүнүн азайышына байланыштуу. Бул тууралуу 12-июлда, журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда аэропорттун биринчи вице-президенти Нурлан Мамыров билдирди.

Анын айтканына ылайык, жүк ташуу борбору 2014-жылы жабыла турганына карабастан, “Манас” эмитен эле кирешенин төмөндөп кеткендигин сезип жатат. Алгачкы кезекте бул аткарылып жаткан рейстардин аздыгы менен түшүндүрүлөт. Себеби, ар бир учактын учуп жана конушуна аэропорт акча алчу.

“Жылдын аягына чейинки келтирилген божомолдоолор мындан да начар. Жалпысынан алганда “Манас” өзүнүн кирешесинин жарымын сыйпалап таппай калышы мүмкүн”, – деп Мамыров кошумчалады.

Бирок жарандык авиарейс жана авиациялык жүк ташуунун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу компаниянын биринчи жарым жылдык чыгашаларынын ордун толтуруу мүмкүн болду.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227267