Домой Саясат Мандаттарынан айрылган депутаттардын ордуна тизмек боюнча кийинкилери келишет

Мандаттарынан айрылган депутаттардын ордуна тизмек боюнча кийинкилери келишет

6

креслоМандатынан айрылган “Ата Журт” фракциясынын Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун ордуна тизмек боюнча кийинки турган депутаттар келишет. Бул тууралуу “ВБ”га экс-спикер Акматбек Келдибеков билдирди.

Партиялык тизмекке ылайык кийинки орундарда Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков жана Бакыт Шаршеев турат. Депутаттын айтканына караганда, партия, тизмекти өзгөрүүсүз калтырып, соттолуп кеткен атажуртчулардын ордуна жогоруда аталгандарды дайындоону чечти.

Эске салсак, 6-августта жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин колдоп, 2012-жылдын 3-октябрындагы митинг учурунда, бийликти күч колдонуп басып алууга “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү аракет кылгандыгы үчүн күнөлүү деп тапты.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229502