Домой Саясат Мандатты мыйзамсыз алган “Ата Мекен” “Ааламдын” акчасын берип койсо

Мандатты мыйзамсыз алган “Ата Мекен” “Ааламдын” акчасын берип койсо

21

Аалам партиясы2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясы аз жерден көчөдө калып кала жаздаган. Бүтүндөй өлкөнү кызыл матага бөлөп элди иренжиткени да бар. Ал эми “Аалам” партиясын  60 миң долларга алдап кетип ааламчылар акчасын бүгүнкү күнгө чейин доолап келет. 2-3 айдан бери Асланбек Малиев баштаган ааламчылар каражатын доолаганын койбоду, же “Ата Мекен” партиясы берип кутулбады.

«Аалам» партиясынын мүчөсү Бакытбек Малабаев 25-июндагы маалымат жыйында “Ата Мекен” партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо мандатты мыйзамсыз алганын айтып чыкты. Ал белгилегендей, аталган партия Шайлоо кодексинин 74 беренесин бузуп, айрым талапкерлерден ашыкча акча топтогон. “Шайлоодо талапкерлер 100 миң сомго чейин, мекемелер 500 миң сомго чейин гана партия фондуна кошо алат. Ал эми “Ата Мекенден” депутат болгон Өмүрбек Абдрахманов 100 миң доллар, Равшан Жээнбеков 50 миң доллар, Шеримкулов- 90 миң доллар, ал эми «Аалам»  партиясы 60 миң доллар берген», – дейт ал.

Ошондой эле ал “Ата Мекен” партиясына кайрылып каражатты тез арада кайтарып берүүнү талап кылды. Өмүрбек Текебаев деле акылга келип бирөөнүн акчасын кайтарып берип койсо болмок. Текебаев эмес биз тажап кеттик. Арам акча менен бул партия жыргап деле кетпесе керек.

Айбат гезити №134