Домой Маек Мар Байжиев: “Аксакалдарды сыйлай албагандар ооздоруна келгенин оттой беришсин”

Мар Байжиев: “Аксакалдарды сыйлай албагандар ооздоруна келгенин оттой беришсин”

3

Байжиев Мар– Мар мырза, сиз баштаган маданияттын, адабияттын улуу инсандары Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданып, мамлекет жетекчилерине кайрылуу жасадыңыздар эле. Бул кайрылууңуздарды айрым оппозициялык маанайдагы басылмалар сынга алып жатышат. Сиз эмне деп аларга айтар элеңиз ?

– Кыргызда жакшы сөз бар: «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген. Ал кайрылууну жасаган адамдар – биз жашыбыз 80ге келип калды. Биз башыбыздан бардыгын өткөрдүк. Согушту да көрдүк. Эмгектендик, бийликте да болдук. Бизге эми бийликтин кереги жок, байлыкты да каалабайбыз. Бизге өзүбүздүн пенсиябыз эле жетет. Биз үчүн азыр баарынан дагы мамлекетибиздин, элибиздин тынчтыгы артык. Ошону ойлонуп, анан кайрылуу жасаганбыз. Илгертен эле кыргыз элинде аттуу-баштуу аксакалдар бийликтегилерге ар кандай акыл-насаатын, кеп-кеңешин берип келген. Манастын жанында дагы Бакай, Кошою болгон. Анан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан чыга албаган, аксакалдарды сыйлай албагандар ооздоруна келгенин оттой беришсин.

Айбат гезити №69