Домой Саясат Марат Казакпаев, экс-президенттин китеби тууралуу: “Бакиев эч качан Кыргызстан элинин алдында актала...

Марат Казакпаев, экс-президенттин китеби тууралуу: “Бакиев эч качан Кыргызстан элинин алдында актала албайт”

7

Марат КазакпаевКурманбек Бакиев эч качан Кыргызстан элинин алдында актала албайт. Мындай пикирин саясат таануучу Марат Казакпаев “Взгляд” порталына билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Курманбек Бакиевдин мемуар жазып, өткөн окуялар тууралуу жоромолдорун жазууга эч ким жолтоолук кылбайт. “Мындайда анын Кыргызстандын аймагында жасаган кылмышы жана ага элдин берген баасы маанилүү. Ошон үчүн, Курманбек Бакиев канча китеп жазбасын, ал эч качан эл алдында актала албайт. Анткени, кыргыз эли 2010-жылдагы окуяга баасын берип, аны кылмыш катары баалаган”, – деп белгиледи М.Казакпаев.

Эске салсак, кечээ Минскиде К.Бакиевдин “Боль, любовь и надежда: мой Кыргызстан” аталыштагы китебинин бет ачары болду.

К.Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясынын натыйжасында бийликтен кулатылып, өлкөдөн куулганы маалым. Ак үйдү алуу маалында 80ден ашуун адам окко учкан.

Мурдагы президент, анын иниси Жаныш, уулдары Максим менен Марат КМШ аймагында жана Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөгө алынышкан. Кыргызстанда Бакиевдер бир нече берененин негизинде сыртынан кесилишкен. Учурда Курманбек Бакиев Белоруссияда күн кечирүүдө. Жаңы бийлик экс-президентти жана анын инилерин өткөрүп берүү боюнча белорус бийлигине бир нече ирет кайрылганынан майнап чыккан эмес.

Булак: “Взгляд” сайты

Айбат гезити №151 (23.10.2015)