Домой Маек Марат Казакпаев: “Жол тосуп талап коюу саясый модага айланды”

Марат Казакпаев: “Жол тосуп талап коюу саясый модага айланды”

19

Марат Казакбаев– Марат мырза, кече жакында эле Нариман Түлеевдин тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүп, 16-сентябрдан тарта Бишкек-Торугарт жолун тозобуз деп билдиришти. Бул аракетти кандай баалайсыз?

– Негизи ким камалса деле анын тарапташтары жолдорду тозуп чыкканы саясый модага айланды. Андай иш-аракеттерди атайын уюштуруп жатышат. Андыктан биз президент айткандай укуктук жол менен барышыбыз керек эле. Ким жол жапса эле, алардын талабын аткарып камалгандарды чыгара берсек, анда ал көнүмүш адатка айланып, мыйзамды сыйлабастыкка, башаламандыкка алып келет. Биз бардыгын юридикалык жол менен гана чечүүнү үйрөнүшүбүз керек.

– Түлеевдин тарапташтарынын Келдибековдун тарапташтарына атаандашып жол тозобуз дегени туура болобу?

– Албетте, туура эмес. Тескерисинче мыйзамды сыйлаганга чакырык ташташ керек. Өз укугун сот аркылуу гана чечүү зарыл. Тилекке каршы бизде сот реформасы толук ишке ашпай калганы көрүнүп турат. Коррупцияга шектелип камалышат дагы, кайра соттун чечими менен бошоп кетүүдө.

Айбат гезити №94