Домой Саясат Марат Казакпаев: “Кризистин айынан президент кышка болгон даярдыкка киришүүгө аргасыз болду”

Марат Казакпаев: “Кризистин айынан президент кышка болгон даярдыкка киришүүгө аргасыз болду”

20

Марат КазакпаевСаясат таануучу Марат Казакпаевдин билдиришинче, келерки кышка болгон өкмөттүн начар даярдыгы жана энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин отставкага кетиши президентти киришүүгө аргасыз кылган кризис жөнүндө айтып жатат.

«Бул өкмөттүн начар иштеп жатканын билдирет. Вице-премьерлер жана министрлер начар иштеп жатышат, муну президент баш болуп баары сезүүдө. Президент буга мындан ары көз жуумп отуруп бере албады», — дейт саясат таануучу.

Ал министрликти жана энерготармакты реформалай албаган, бул тармакты жакшы жагына өзгөртө албаган Осмонбек Артыкбаевдин кеткенин туура деп эсептейт.

Анын айтымында, бул кызматка тармакты ичинен жакшы билген мыкты адис энергетик келиши керек. Минэнергетикада мындай адистер көп, бирок алар эч кандай партияларга тиешеси жок болуп, Жогорку Кеңеште колдоосу жоктугунан өздөрүн көрсөтө албай жатышат.

Айбат гезити №99