Домой Маек Марат Казакпаев: “Оппозициялык кыймыл бизде Украинадагыдай абалды түзүүгө аракет жасайт”

Марат Казакпаев: “Оппозициялык кыймыл бизде Украинадагыдай абалды түзүүгө аракет жасайт”

2

Казакпаев Марат– Марат мырза, Украинада революция жасалып, Виктор Янукович качып кеткенден соң биздин айрым оппозициялык саясатчылар учурдагы бийликти да Украинадагыдай абал күтүп турат дегендей айта башташты. Буга кандай карайсыз?

– Бизде Украинадагыдай сценарий буга чейин болуп өткөн. Башкача айтканда, Украинада биздеги 2010-жылдагыдай окуя болуп өттү. Экинчиден, Украинада идеология, саясий кырдаал башка. Алардын көпчүлүк эли Евросоюздай болуп жашагылары келет. Ошондуктан алар оппозицияны колдоду. Бизде болсо кырдаал башка. Бирок, коркунучтар бар. Анткени Улуттук оппозициялык кыймыл деген түзүлдү. Алар бизде Украинадагыдай сценарийди түзгөнгө аракет жасашат. Бирок, ушул оппозициялык лидерлер мамлекетти алып кете алабы деген суроо бар. Буларда конкреттүү идея жок болуп атат. Андыктан эл ээрчибейт. Алар элди көтөрөбүз деп ойлоп атат. Бирок эл андайдан тажап калган.

– Россиянын белгилүү саясат таануучусу Федор Лукьянов «Януковичтин тагдыры Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдики менен окшош болуп калды» деп билдирди. Чындыгында эле ошондой болдубу?

– Окшоштук бар. Бирок биздин менталитибиз башка. Украина кандай болгон күндө да Европа. Алар цивилизацияга жакын. Андыктан алар адегенде 3-4 ай митинг өткөрүштү. Бизде болсо Бакиевдин бийлигин бир заматта эле кулатып коюшкан.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №67