Домой Маек Марат Казакпаев, саясат таануучу: “Биометрикалык маалымат учурдун талабы”

Марат Казакпаев, саясат таануучу: “Биометрикалык маалымат учурдун талабы”

3

Марат Казакпаев– Марат мырза, айрым укук коргоочулар өлкөдөгү биомертикарык маалымат топтоо өнөктүгүн мыйзамсыз деп баалып Конституциялык палатага кайрылды. Чын эле биомертикалык маалыматарды топтоо жарандарыбыздын укугун бузабы?

– Негизи дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү биометрикалык паспортко өтүүдө. Бул учурдун талабы. Биздин кыргызстандык жарандар да мындай маалыматтарын тапшырып, өз укутарынан пайдаланышы керек. Ал эми мындай маалыматты тапшыруу менен кайсы бир жарандын укугу бузулат деген бир аз туура эмес болот калат. Анткени, ар бир жаран өзү үчүн биометрикалык паспорт алат. Мисалы, дагы 3-4 жылдан кийин чет өлкөгө чыгууда сөзсүз түрдө биометрика керектелет.

– Шайлоодо да биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандар добуш берүүгө катышпайт деген талап айтылып жатат. Мындай жаңы шартка кандай көз караштасыз?

– Негизи бул талапты киргизбей эле койсо болмок. Бирок, бийлик да тезиреек маалыматты чогултуу үчүн ушундай талап коюп жатса керек. Кантсе да Кыргызстан эл аралык нормаларга жана талаптарга өткөнү оң.

Айбат гезити №130