Домой Маек Марат Шаршекеев: Ар бир маселени референдумга алып чыга берсек, анда Жогорку Кеңештин...

Марат Шаршекеев: Ар бир маселени референдумга алып чыга берсек, анда Жогорку Кеңештин эмне кереги бар?

0

Шаршекеев Марат– Марат мырза, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Кумтөр» маселесин референдумга алып чыгууну сунуштап жатышат. Бул маселени референдум аркылуу чечкенге болобу?

– Жок, туура эмес болуп калат. «Кумтөр» боюнча референдум өткөрө турган болсок, анда инвесторлорду биротоло кууп чыгабыз. Ансыз деле инвесторлор «Кумтөр» чуусу эмне менен бүтөр экен деп келбей турушат. Экинчи жагынан алганда ар бир жумушка эле референдум өткөрө берсек, анда Жогорку Кеңештин, өкмөттүн эмне кереги бар? Аларды таркатып жиберип эле дайыма референдум өткөрө бербейлиби? Дагы бир жагдайы – бул экономикалык маселе. Аны жалпы эле эл түшүнө бербейт. Ошол эле учурда өндүрүштүк да маселе болуп саналат. Муну да жалпы эле эл түшүнө албайт. Ошондуктан референдумга алып чыгуу болбойт.

– Эгерде бул сунуш өтүп кетип, референдум болсо, анын жыйынтыгын эл аралык сот тааныйбы?

– Референдумдун жыйынтыгы эл аралык сотто жардам берет деп ойлобойм.

– Анда өздөрү чече турган маселени элге түртө салып аткан депутаттарга кандай карайсыз?

– Мына ушул жоопкерчиликтен качып жаткандары туура болбой жатат. Парламентте «Кумтөр» иштеп баштагандан бери депутат болуп келе жаткандар бар. Анан жоопкерчиликти моюнга алууга келгенде эле элге түртө салганда болбойт.

– Кыргыз өкмөтү менен канадалыктардын сүйлөшүүсүнүн негизинде 50/50 пайыздагы биргелешкен ишкана түзүү тууралу келишимдин долбоору ЖКга сунушталган. Бул келишимдин долбооруна кандай пикирдесиз?

– Чынын айтканда мен деле бизнесте жүргөн адаммын. Андыктан азыркы «Кумтөрдүн» шартында 50/50 пайыздагы ишкана түзүү сунушу жакшы эле. Аны эмнеге жактырбай жатышкандарын билбейм.

Айбат гезити №63