Домой Маек Марс Сариев: Атаандашып жол тосуу жакшылыкка алып келбейт”

Марс Сариев: Атаандашып жол тосуу жакшылыкка алып келбейт”

6

Марс Сариев– Марс мырза, коррупцияга шектелип камакка алынган Нариман Түлеевдин жактоочулары 16-сентябрдан тарта Бишкек-Торугарт жолун тозобуз деп билдиришүүдө. Мындай аракетти кандай баалайсыз?

– Негизи Келдибековдун чет өлкөгө дарылануу үчүн бошотулуп кетиши туура эмес болуп калды. Анан аны көргөн Түлеевдин жактоочулары да «ушундай кылсак эле бошотуп алат турбайлыбы» деген ойго алдырып атышат. Андыктан мыйзамды катуу кармаш керек эле. Бул жерде сот бийлиги катачылык кетирип койду. Ошондой болсо дагы атаандашып жол тозуу эч качан жакшылыкка алып келбейт. Башаламандыкка, ызы-чууга гана алып келет.

– Жол тозуу өңдүү талаптар менен ар дайым макул болуп кете берсек, анда коррупцияга каршы күрөш натыйжасын береби?

– Эч кандай натыйжасын бербейт. Акыркы убактарда коррупцияга шектелип камакка алынгандардын көбү бошоп кетти. Андыктан элдин ишеними да азайып баратат. Күрөштү баштагандан кийин ага бекем туруш керек.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №94