Домой Коом Марс Сариев: “Митингдердин баары туризмге терс таасирин тийгизүдө”

Марс Сариев: “Митингдердин баары туризмге терс таасирин тийгизүдө”

1

Сариев МарсМындай форматтагы жана мындай мүнөздөгү митингдердин баары инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүдө, деген оюн саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

«Саясый туруктуулук жок болсо, инвесторлор тууралуу сөз да кылбай эле койсо болот. Кайрадан эле митинг уюштуруп атышат, Кумтөр темасын көтөрүп, саясый абал туруксуз болуп атат. Инвесторлор мындан улам инвестиция алып келүүгө кооптуу экенин түшүнүп калышты. Кумтөр инвесторлор үчүн индикатор болуп саналат, анткени бул Кыргызстандын бюджет түзүүчү жалгыз ири ишканасы, ошондуктан бул инвесторлорго абдан терс таасирин тийгизет деп эсептейм”, – деди Сариев.

Анын пикиринде, россиялык инвесторлор башкача көз карашта.

«Русгидро» сыяктуу компаниялар өкмөт менен абдан тыгыз иштеп жатат, ошондуктан россиялык бизнес мындай кооптуу кырдаалдарга даяр жана кирешесин алып келет. Ал эми жеке бизнес жана батыш капиталы үчүн албетте бул кооптуу. Биз капиталды алып келүү жаатында кооптуу өлкөбүз», – деди ал.

Айбат гезити №73