Домой Маек Марс Сариев: «Өкмөттү түзүүдө биринчи кезекте профессионалдуулукка караш керек»

Марс Сариев: «Өкмөттү түзүүдө биринчи кезекте профессионалдуулукка караш керек»

4

Сариев Марс– Марс Мырза, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушууда жаңы өкмөттү түзүүдө кызмат орундарын фракциялардын бөлүштүрүп албоосун талап кылды. Буга кандай карайсыз?

– Менимче абдан туура талап болуп атат. Себеби, Акаев, Бакиев учурларында жердешчилик, тууганчылык өңдүү көрүнүштөр бийлик бөлүштүрүүдө чоң роль ойноп келген болсо, алар кеткенден кийин партиялык-коллективдик диктатура  болуп калган. Ал эми жердешчилик, үй-бүлөлүк диктатура менен партиялык диктатура деле окшош болуп кетет. Андыктан кызмат орундарын фракцияларга бөлүштүрүүнүн кажети жок.

– Президент жаңы коалициялык көпчүлүктү түзүүнү «КСДП» фракциясына тапшырды. Бул туура кадам болдубу?

– Туура эле кадам. Бул фракция парламенттеги башка фракциялар менен тил табыша алат деп ойлойм. Текебаев коалициялык көпчүлүктөн чыгып атканда эмне себептен чыгып атканын анчалык түшүнгөн эмесмин. Балким, алар өкмөттүн түзүмүн куроодо тазаланып алалы дешсе керек.

– Жаңы өкмөттү түзүүдө биринчи кезекте кандай критерийлер сакталышы керек?

– Биринчи кезекте профессионалдуулук болуш керек. Эгерде өкмөткө профессионал кадрлар келсе, иш алдыга гана жылат. Профессионалдуулуктун ичинде бардыгы бар. Тазалык, иш билгилик жана башкалар.

Айбат гезити №70