Домой Маек Марс Сариев: “Премьер-министрлик кызматка жаңы, креативдүү, мыкты менеджер керек”

Марс Сариев: “Премьер-министрлик кызматка жаңы, креативдүү, мыкты менеджер керек”

4

Сариев Марс– Парламенттин алдында жаңы өкмөттүн түзүмүн куроо милдети турат. Сиздин оюңузча, өкмөт башына кандай сапаттагы жетекчи келиши керек?
– Биринчи кезекте мыкты менеджер, командада иштей алган жетекчи болушу керек. Жантөрө Сатыбалдиев деле жакшы менеджер. Бирок, ал эски форматтагы менеджер. Ошентсе да ал өзүнүн милдеттерин жакшы эле жасай алды. Эми ал жетектеген өкмөт отставкага кеткенден кийин жаңысын шайлоого туура келип атат. Бизге азыр жаңы креативдүү, бүгүнкү күндүн стандарттарына жооп бере ала турган жетекчи керек.
– «Ата-Мекен» фракциясы премьер-министрлик кызматка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин сунуштоодо. Сиздин пикириңиз?
– Жоомарт Оторбаев бул батыштын менеджмент мектебинде тарбияланган мыкты менеджер. Бирок, батыштын мектеби бизге туура келеби, же келбейби мына ушул суроо жаратат. Бирок, анын билим деңгээли, мыкты менеджерлигинде кеп жок. Кандай болгон күндө дагы жогоруда айтканымдай, азыркы стандарттарга жооп бере турган жетекчи келсе жакшы болмок. Анан ал премьер-министрликке келген адам өкмөткө өзүнүн командасын алып келиши керек. Өзүнүн реформатор командасы менен келгенде гана алдыга жылыштар болот. Эгерде фракциялар мурдагыдай эле кызматтарды квота боюнча бөлүштүрө беришсе, анда кайрадан эле папке талаш боло берет.

Айбат гезити №71