Домой Маек Марс Сариев, саясат таануучу: “Азыркы тапта көпчүлүк серепчилер КСДПнын салмагы күчтүү болуп...

Марс Сариев, саясат таануучу: “Азыркы тапта көпчүлүк серепчилер КСДПнын салмагы күчтүү болуп жатканын айтып атышат”

11

Марс Сариев– Марс мырза, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Сиздин боолголооңуз боюнча бул шайлоодо кайсы партиялардын алдыга озуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар?

– Азыркы тапта көпчүлүк серепчилер КСДПнын салмагы күчтүү болуп жатканын айтып атышат. Анан дагы жаңыдан түзүлгөн «Кыргызстан» партиясында мүмкүнчүлүк бар деп айтышууда. Бирок, ошол эле учурда «Ата-Мекен» партиясынын да позициясы күчөп баратат. Андыктан картина өзгөрүлүп кетиши мүмкүн. Себеби КСДП менен «Ата-Мекендин» ортосунда азыр байланыш жок болуп турат. «Эмгек» менен «Бүтүн Кыргызстан» бирикти. «Республика» менен «Ата-Журт» бирикти. Эгер ушулар бир тарапта болуп кетсе, анда картина таптакыр өзгөрүп кетиши мүмкүн.

– Шайлоо алдында ар кандай саясый оюндар жүрүп кетери белгилүү. Бул жолу кырдаал оорлоп кетүүчү жагдай жокпу?

– Аябай чоң тобокелчиликтер бар. Кырдаал курчуп кетиши да мүмкүн. Себеби КСДП менен «Ата-Мекен» тирешип калышы мүмкүн. Муну тышкы оюнчулар пайдаланып кетиши мүмкүн. Ошол эле убакта батышка оогон саясатчылар да бар…

Айбат гезити №133