Домой Саясат Марс САРИЕВ, саясат таануучу: Медер Үсөновго карата сот өкүмү угулгандан кийин Бакиевдин...

Марс САРИЕВ, саясат таануучу: Медер Үсөновго карата сот өкүмү угулгандан кийин Бакиевдин билдирүү менен чыгышы таң калычтуу

6

1

– Качкын президент Курманбек Бакиев «Интерфах» агенттиги аркылуу өлкөдөгү кырдаалдын тегерегинде пикирин билдирди. Анын айтымында, бардык нерсени ага төңкөрө салышат экен. Мунун себеби эмнеде? Мунун себеби учурдагы бийликтин өлкөнү башкара албагандыгында» дейт ал. Бакиевдин мындай оюна кошуласызбы?
– Эми бул күлкүнү келтире турган окуя да. Акаев да качып кеткенде Бакиевди күнөөлөп, аны өлкөнү башкара албай жатат деп айыптаган. Ал эми Бакиев мамлекетин башкара албаганы үчүн бийликтен куулуп кетпедиби. Эгер адилеттүү башкарганда Минскиде эмес, Кыргызстанда жашамак. Ошон үчүн, сырттан туруп алып азыркы бийликти сындап же кандайдыр бир комментарийлерди бергени туура эмес.
– Жети-Өгүздөгү, Жалал-Абаддагы окуяларды көмүскөдө уюштурду делген саясатчылардын ысымдары аталды. Ал эми «элдик губернатор» Медер Үсөнов кезинде Бакиевдер менен бизнес кылганы айтылууда. Мына ушул окуялардын бардыгынын өзөгү бир экендигин, артында Бакиевдердин «куйругу» булайып турганын айгинелебейби?
– Чындыгында Медер Үсөновго карата сот өкүмү угулгандан кийин Бакиевдин билдирүү менен чыгышы таң калычтуу. Чындыгында эле Жети-Өгүздөгү, Жалал-Абаддагы окуяларда Бакиевдердин катыштыгы бар болушу мүмкүн. Албетте, муну тастыктай албайбыз. Андыктан, тийиштүү органдар иликтеп көрүшү керек.

 интернет булактарынан