Домой Коом Мас абалында энеси өз баласын бычак менен сайып салган

Мас абалында энеси өз баласын бычак менен сайып салган

2

бычакЫсык-Ата РИИБнин милиция кызматкерлери 32 жаштагы баласынын денесине оор залал келтирди деп шектелген 51 жаштагы энесин кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 13-ноябрда саат 16:20лар чамасында райондук ооруканага көкүрөгүнө бычак сайылып жараат алган адам түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып фактынын ачыкташты. Бул боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 51 жаштагы У.Надежда аттуу Кант шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү жабырлануучунун 51 жаштагы энеси мас абалында болгон. Эне-баланын ортосунда уруш чыгып, энеси баласын бычак менен сайып жиберген. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

Айбат гезити №53