Домой Саясат Мелис Мырзакматов: “Биз, Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, төртөөбүз 2012-жылдын башында келишим түзгөнбүз, бирок,...

Мелис Мырзакматов: “Биз, Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, төртөөбүз 2012-жылдын башында келишим түзгөнбүз, бирок, ал келишимди Ташиев бузуп койгон…”

4

Мырзакматов Мелис“Биз, Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, төртөөбүз биригүү тууралу келишимди мындан бир жарым жыл мурун, 2012-жылдын башында түзгөн болчубуз. Анда Бишкек жана Ош шаардык кеңештерге шайлоого даярданып, Жантөрө Сатыбалдиевди премьер-министрликке  даярдап жатышкан кез эле. Бирок, келишимге кол коюлгандан кийин Ташиев президент менен сүйлөшүп алып, премьер-министр болом деп келишимден чыгып кетип, келишимди бузуп салган”, – деди “KyrgyzToday” маалымат агенттигине саясатчы, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов. “Акмат Келдибеков ошол 2012-жылдын башындагы, кийин бузулуп калган келишим жөнүндө айтып жатат. Азыр андай келишимге али кол коюла элек”, – деп жыйынтыктады Мелис Мырзакматов. Эсиңиздерге сала кетсек, 27-август күнү Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков “Вечерний Бишкек” гезитине интервью берип, анда: “Биз, Мадумаров, Ташиев, Мырзакматов төртөөбүз биригүү тууралу келишимге кол койдук”,  деп жарыялаган.

Айбат гезити