Домой Саясат Мелис Мырзакматов: “Ташиевдин таз кейпин кийип калбайын…”

Мелис Мырзакматов: “Ташиевдин таз кейпин кийип калбайын…”

7

Мырзакматов Мелис

15-январда өткөн Ош шаар башчысын шайлоодо жыдыган Мелис Мырзакматов жактоочуларынын алдыңда: «Мени Ташиевдин кейпин кийгизип койбогула» дегенин бүткүл эл уккан. Мындай кебин 25-январда Камчыбек Ташиевге жолукканда да анын бетине айтканын бул окуяга күбө болгондор бизге шыбырап келишти. Кыскача баяндагандай мындай. Камчыбек Кыдыршаевич Мырзакматовго жолугуп, алдыдагы пландарын ортого жайып, бийликти күч менен басып алуу сунушун киргизген дейт. Муну уккан «түшпөс хан» чок тийгендей ыргып: «Камчыке, сенин катачылыгыңды кайталагым келбейт, мага андайды угузба» дегендей аткез кылганы тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Мындан эки жыл мурда «Чыңгызханчасынан» жүрүш жасап, алаасын Ак үйдүн темир тосмосуна тилдирип алган Ташиевдин жоругу минтип коомчулукка күлкү болуп атыр. Эси барлар ушундан деле чоң сабак алса болот эмеспи…

Айбат гезити №64