Домой Саясат «Мен премьер-министр болгондон кийин кызым, уулум жана иним мамлекеттик жумуштан кетишкен»

«Мен премьер-министр болгондон кийин кызым, уулум жана иним мамлекеттик жумуштан кетишкен»

20

Sky Bishkek - Скай Бишкек«Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков: «Жантөрө Сатыбалдиев айрым авиакомпанияларды колдоого алып, андан өз үлүшүн алып турат экен» деген дооматы дагы журналисттер тарабынан унутта калган жок. Бул суроого премьер-министр: «Менин кызым мен премьер-министр болгонго чейин эле «Скай Бишкек» авиакомпаниясынын түзүүчүлөрүнөн болгон. Андан сырткары бир иним, уулум дагы мамлекеттик жумушта иштешчү. Мен аларга «Эгерде мени колдосоңор, бул жумуштардан баш тарткыла» деп айткам. Ошол эле учурда кызыма дагы. Ошондон кийин кызым «Скай Бишкек» авиакомпаниясынан чыгып кеткен. Азыр алар мамлекеттик структурада иштешпейт» деп жооп берди. Ошондой эле Эркинбек Алымбековдун дооматы боюнча иликтөө жүргүзүү керек экендигин билдирди.

Айбат гезити №51