Домой Маек Меңди Мамазаирова, Кыргыз эл акыны: “Аялдарды, энелерди ойлогон бийлик бар экен деп...

Меңди Мамазаирова, Кыргыз эл акыны: “Аялдарды, энелерди ойлогон бийлик бар экен деп кубанып калабыз”

0

Эне жана президент– Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен май айынын акыркы жекшембиси энелер күнү деп жарыяланган. Бул саамалыкты сиз колдойсузбу?

– Албетте, колдойм. Бул боюнча өткөн жылы дагы телевидениеге өз оюмду айткан болчумун. Негизи азыркы биздин заманда турмуштун оор түйшүгү көбүнесе аялзатына түшүүдө. үй тиричилигинде да, базарга чыгып соода кылууда да аялзаты алдыңкы орунда болуп атат. Мамлекеттик жумуштарда да аялдардын өзүнүн татыктуу орду бар. Негизи эле турмуштун арабасын тартууда энелердин орду чоң. Андыктан атайын энелердин күнү белгилеп, аларды сыйлап койгону кубанычтуу көрүнүш.

– Бул жылы да аталган майрам өзгөчө шаң менен өткөнү турат. А.Атамбаевдин жеке демилгеси менен Орусиянын белгилүү жылдыздары концерт тартуулайт экен. Мындай аракет менен түгөнбөгөн түйшүктүү айымдардын бир аз да көңүлүн алып коюуга болобу?

– Энелердин түйшүгүн албетте азайта албайбыз. Бирок, көңүлүн көтөрө алабыз. Эненин көңүлү көтөрүлсө, маанайы жаркып турса, тынчтыктын, бакубатчылыктын белгисиндей болот. Түйшүгүбүздү азайтышпаса да, көңүлүбүздү көтөрүп коюшса, энелерди ойлогон дагы бийлик бар экен деп кубанып калабыз да…

Айбат гезити №128