Домой Hi-Tech Мерседес-Бенц

Мерседес-Бенц

7

Mercedes-Benz S 350 BlueTec ( W222) 2012

1886-жылы Бенц биринчи жолу үч дөңгөлөктүү жана бензин менен жүрүүчү кылып жараткан.  Анын жаратуучусу Карл Бенц. Жети жыл өткөн соң Карл Бенц кызыктуу аталыш менен төрт дөңгөлөктүү “Велосипед” аталыштагы ийгилигин жаратат. Даймлер. 1890-жылы Готли Даймлер Бад-Канштат (Штутгард) районунда өзүнүн аты менен “Даймлер-Моторен-Гезелльшафт” аталыштагы компаниясын ачкан. Мерседес. Бул марканын тарыхынан ала кетсек, бул марка эки белгилүү немецтик “Бенц” жана “Даймлер-Моторен-Гезелльшафт” компаниясынан келип чыккан.Бул компаниялар өз алдыларынча көп жетишкендиктерге жетишишкен. 1926-жылы “Даймлер-Бенц” болуп биригишкен. Мерседес деген аталыш 1900-жылы эле пайда болгон. Авто жарыштарды жакшы көргөн жана европалык бай бизнесмен Эмиль Еллинек Даймлердин машиналарын сатып баштайт. Ага ошол убакта авто жарышка катышканга күчтүү машина керек болуп, өзү жаңы кыймылдаткычтын көрсөткүчтөрүн даярдайт. Аны кийинчерээк Майбах жасап чыгып, ага Джеллинектин он жаштагы Мерседес аттуу кызынын атын ыйгарган. Мерседес испан тилинен которгондо “ырайымдуу” дегенди түшүндүрөт. Азыркы күндөгү Мерседес автоунаасы DMG жана Benz – Cie компанияларынын биригишкенден кийин пайда болгон. DMG компаниясынын эмблемасы үч бурчтуу жылдыз болгон. Себеби компаниянын башчысы Даймлердин “сууда, абада жана жер менен жүргөн машина ойлоп табам”-деген. Эки компаниянын биригишкенден кийин жаңы эмблема ойлоп табышкан. Ал Даймлердин үч бурчтуу жылдызын жана Бенцтин ларвдуу веногун камтыган.

Канат Кебеков

Айбат гезити №79