Домой Саясат Миграциялык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлдү

Миграциялык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлдү

3

миграционная политика

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кол койгон буйругуна ылайык, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, эксперттик коомчулуктун сунушун көңүлгө алып, азыркы мамлекеттик миграциялык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте жумушчу топко маалыматтык жана башка жагынан көмөк көрсөтүү тапшырылды.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227061