Домой Кырдаал Милиция кызматкерлери мындан ары чегараны да кайтарышат

Милиция кызматкерлери мындан ары чегараны да кайтарышат

3

МилицияЖыл башынан бери Кыргызстандын чегара тилкесинде 41 жаңжал катталган. Анын ичинде кыргыз-тажик чегарасында – 28 жаңжал, кыргыз-өзбек чегарасында – 12 жаңжал, Казакстан менен чектешкен жерде 1 жаңжал болгон. Бул туурасында чегара маселелерине арналган өкмөттүк жыйында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымдады. Анын айтымында, чегарадагы пикир келишпестиктерге кошуна Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы тактала элек тилкелерде мал жаюу, сугат сууну буруп алуу сыяктуу жагдайлар себеп болууда. “Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күч түзүмдөрүнүн орток буйругу чыкты. Ага ылайык, милиция кызматкерлеринин негизги милдетине чегара аскерлери менен биргеликте кыйын кырдаалдарда, чегараны бузуп кирүү учурунда, куралчан кылмыштуу топтор басып киргенде мамлекеттик чегара коргоо милдети кошулду. Өкмөткө ички резервдердин эсебинен айылдык милиция бөлүмдөрүнө кошумча кызматкерлерди жумушка алуу сунушу берилди”, -деди Асанов.

Айбат гезити №50