Домой Саясат Миллиондорду катып түрмөдө жатканча чачып…

Миллиондорду катып түрмөдө жатканча чачып…

3

Нариман ТүлеевЗамандын өзгөрүшү менен макалдарды да өзгөртөт окшоп калды. Мисалы, мурда «Жатып өлгөнчө атып өлгөн жакшы» десек, эми «түрмөдө жатканча миллиондоруңду чачып чык» дейт окшойбуз. Дегенибиз, канкор Курманбек Бакиевдин «уулу», Бишкектин экс-кожоюну Нариман Түлеев түрмөдө жата бергенден өлө тажап, миллиондорун самандай чачып, боштондукка чыгуу камын көрүүдө. Ал Нарындагы тарапташтарына каражатты аябай берип, 16-сентябрдан тартып Бишкек-Торугарт жолун буудурууну пландоодо. Минтип маселени мыйзам алкагында эмес, жердештерди көтөрүү аркылуу чечем дегенине жол болсун! Ал эми элибиз дагы «ууруну эмес улутту ойлоп», «биздин уулубуз» дебей, мамлекеттин келечегин ойлосо, коррупцияга каршы күрөш жемишин бербейт беле…

Айбат гезити №95