Домой Коом Миң-Куш айыл өкмөтү айылдагы майыптарга жардам көрсөтүштү

Миң-Куш айыл өкмөтү айылдагы майыптарга жардам көрсөтүштү

9

Миң-КушНарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү майыптар күнүнө карата айылдагы 32 майыптына ар бирине 500 сомдон жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Рысалиев Дамира билдирди.

Анын берген маалыматына карасак, биринчи топтогу жана бала кезинен майыптарга жардам айыл өкмөттүн кирешесинен берилген. Бул сунуш Миң-Куш айыл аймагына жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысынын сунушу болгон. Андан тышкары айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жардамдар берилип жаткандыгын айтты.

«Жылына эле биздин аймактан көмүр өндүрүп жатышкан көмүр ишканалары айылдын бардык жарандарына арзан баада көмүр берип келет. Ошондой эле 21 аянтчага түтүнмө түтүн бекер көмүр берсек, калганына аз камсыз жана көп балалууларга да жардамдар көрсөтүлдү» — деди Д.Рысалиева.

Мирбек Асаналиев