Домой Ден-соолук Министр Т.Батыралиев «Кыргызстан – Иран достугу» тобунан жаңы заманбап клиникаларды куруу мүмкүнчүлүгүн...

Министр Т.Батыралиев «Кыргызстан – Иран достугу» тобунан жаңы заманбап клиникаларды куруу мүмкүнчүлүгүн кароону суранды

6

Талантбек Батыралиев29-январда КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, «Кыргызстан – Иран достугу» тобунун жетекчиси Али Каеиди башында турган Иран парламентинин депутаттары менен жолугушкандыгын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда аталган тармактагы кызматташтыкты күчөтүү макулдашуусуна кол коюшту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Батыралиев, Иран тараптан тиешелүү эл аралык талаптарга жооп берген заманбап клиника куруу, ошондой эле Кыргызстандын азыркы клиникалары үчүн заманбап технологиялар менен медициналык жабдууларды алуу мүмкүнчүлүгүн кароону суранды.

Айбат гезити №113