Домой Шоубизз Мирбектин ырларын казак ырчылары ырдап жатат

Мирбектин ырларын казак ырчылары ырдап жатат

10

Мирбек АтабековМирбек Атабеков2Акыркы убактарда бири-биринин ырларын сурап ырдоо модага айланган сыяктуу. Айтайын дегеним, казак ырчыларынын ырлпарын биздин жигиттер жеткиликтүү аткарып жүргөн болсо, эми мынтип казак ырчылары биздин ырчылардын ырларына кызыгып сурап ырдап жаткан чактары. Бул да болсо жетишкендик деп билсек болот. Мирбек Атабековдун ырлары кыргыз жергесинде гана эмес, казактарда да хит болуп, Казакстандык ырчы  Нуржан Керменбаев Мирбектин “Жүрөгүм” деген ырын жаңылатып, ырдап чыкты. Боордош ырчыбызга бул нерсе жаккан көрүнөт, жердешибиздин дагы бир эмес, эки ырын ырдап чыгууга уруксатын сурады. Ал музыкалык чыгармалар Мирбекти чоң сахнага алып келген “Сени гана” жана “Сен жана мен” ыры.