Домой Коом Монополияга каршы агенттик MegaCom менен соттошуусун улантат

Монополияга каршы агенттик MegaCom менен соттошуусун улантат

3

Megacom МегакомМамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (MegaCom уюлдук оператору) уюлдук операторду монополисттердин реестрине киришине байланыштуу келип чыккан талашын соттон тышкары кароосун токтотушту. Ведомство мындан ары өз укугун сотто коргоону чечти. Бул тууралуу  26-сентябрда монополияга каршы органдын басма сөз кызматы маалымдайт. Июндун башында тараптар талашты соттон тышкары чечүүгө аракеттенип жатканы тууралуу кабарланган эле. Бирок бүгүн Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги MegaCom компаниясынын жогору кирешесине шилтеме кылып сүйлөшүүлөрдүн токтогонун маалымдады. Белгилүү болгондой май айынын башында “Альфа Телеком” жабык акционердик коому менен Sky Mobile (Beeline уюлдук оператору) жоопкерчилиги чектелген коому Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин сотко беришкен. MegaCom ведомствону компанияны монополисттердин реестрине киргизгени үчүн сотко берген. Доо арыз Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралган.”Альфа Телеком” өткөн жылдын декабрь айында өзүнө тагылган монополист деген статусун четке кагууда. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги уюлдук оператордун рыноктогу жалпы үлүшү 35 пайыздан ашкандыктан, мыйзам боюнча MegaCom компаниясын монополисттердин реестрине киргизген жана компаниянын баа саясатын жөнгө салууну көздөгөн.

Айбат гезити №47