Домой Коом Москва студенттери кыргыз тилин үйрөнүшөт

Москва студенттери кыргыз тилин үйрөнүшөт

5

студентыОрусиянын борборундагы Москва мамлекеттик лингвистикалык институтунда кыргыз тилин экинчи чет тили катары окуп үйрөнүшкөн студенттерге диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилигинин, КМШ өлкөлөрүнүн, Сербиянын элчиликтеринин өкүлдөрү, Болгария улуттук университетинин ректору, ММЛИнин профессордук-окутуучулук курамы жана бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле алардын ата-энелери катышты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдиргендей, “Аймак таануу” адистиги боюнча билим алышкан Дарья Пахомова, Маргарита Герасюкова жана Ксения Гурова 5 жыл бою кыргыз тилин экинчи чет тили катары окушуп, эми артыкчылык дипломдоруна ээ болуп отурушат. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Б. Жунусов бул студенттерге ыраазычылык катын да тапшырды.

Элчиликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, келерки жылга карата кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган москвалык 12 студенттен турган жаңы топту топтоо ишке ашырыла баштайт.