Домой Коом Москвада айтта малды курмандыкка чалуу жерлери аныкталды

Москвада айтта малды курмандыкка чалуу жерлери аныкталды

13

курман айтМосква аймагында Курман айтта малды кайсыл жерге союу боюнча маселе чечилди. Ал – Подмосковьедеги атайын мал союучу жайлар деп аныкталды. Тактап айтсак, ал 14 жерде: Подольск жана Раменск районунда – 2ден төрт жерде союлса, ал эми калган жайлар Балашихинский, Коломенский, Одинцовский, Домодедово, Ногинский, Солнечногорский, Щёлков, Пушкин, Люберецкий жана Сергиево-Посадский райондорунун аймагында. Борбордук мечиттер курмандыкка буйрутма ала алат.

Россиянын муфтияттын басма сөз кызматы “Акыркы жылдары Москвадагы мусулман диний уюмдары Курман айтта малды курмандыкка чалууну бир тартипке келтирүүгө бардык аракетин жумшап жатат. Курмандык чалам деген мусулман мечитке үч күн мурда алдын ала буйрутма берсе болот “,-деп билдирди.

Россиянын Муфтийлер кеңеши борбордун чет жакасында курмандыкка чалууга малды саттырбоого жана ачык жерлерде мал мууздаттырбоого убада берди. Мал муздоону москвалыктардын көзүнөн обочо кылуу, же муну системалаштырууга аргасыз кылган шаардыктардын арыздары менен кайрылуулары болгон. Себеби, короолордо, көчөлөрдө малды мууздап, курмандыкка чалып, кан чыгарып жаткандыгын көрүү чындыгын айтканда, жергиликтүү жашоочулар үчүн жагымсыз болгон.

Эми малды жабык, атайын каралган жерде союу эрежеси киргизилгендиктен, беркилердин элдин топтолуп намаз окушуна көнүшүнө туура келет. Россиянын шаарларында, анын ичинде Москвада мечиттерге миңдеген элдин топтолуп намазга жыгылышы бир жагынан баарына белгилүү болгон ыңгайсыздыктарды, бир жагынан кызыл чеке талкууларды жаратып келет.

Айбат гезити №49