Домой Кылмыш Москвада зордуктоого шектүү делип кыргыз жараны кармалды

Москвада зордуктоого шектүү делип кыргыз жараны кармалды

4

наручники

Москвада зордуктоого шектүү делип издөөгө алынган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Москванын Түндүк-Чыгыш административдик округунун ИИБнын басма сөз кызматынын кызматкери Ольга Терещенкова билдирди. Анын айтымында, 2009-жылдын февралында Москванын тургунунан анын жашы жете элек кызын бейтааныш адам зордуктап кеткендигин айтып арыз менен милицияга кайрылган. Бул факт боюнча процессуалдык чечим кабыл алынып, тергөө иштери башталган. Ыкчам топ кылмышка шектүү делген адамын өздүгүн тактап, бирок ал изин жашырып кеткендиктен издөө жарыялашкан. “Жакынкы күндөрү Жол коопсуздугу мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери 29 жаштагы Кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан автоунааны токтотуп текшерүүгө алышкан. Документтерин текшерген учурда ал кылмышка шектүү делип издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат,- дейт Терещенкова.

Айбат гезити