Домой Коом Москвадагы чатыр лагерге алынып келинген кыргыздардын бирөө милиция кызматкерлерин алдаган

Москвадагы чатыр лагерге алынып келинген кыргыздардын бирөө милиция кызматкерлерин алдаган

4

мигрантМосква шаарында иштеп жүргөн мигранттарды текшерүү маалында кармалып, чатыр лагерге түшкөн 4 кыргыздын бирөө милиция кызматкерлерине өзүнүн аты-жөнүн жашырып, башка адамдын фамилиясын айткан. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Айтымында, бул жарандын үстүнөн 2 жолу сот болмокчу. “Ал лагерге алынып келингенде өзүнүн эмес башка бирөөнүн фамилиясын айткан. Ошондуктан бул ишке байланыштуу жана депортация кылууга байланыштуу 2 жолу сот болмокчу. Бул 19 жашар жигитти депортация кылуу маселеси көпкө чейин созулушу мүмкүн. Негизинен депортация болгон жарандар 5 жыл Орусиянын аймагында жүрүү укугунан ажырайт. Ал эми кээ бир учурларда паспортторун өзгөртүп, кайра келгендер болуп жатат. Эгерде мындай жоруктары билинип калса, анда катуу жаза көрүлөт”,- деди Кулукеева.