Домой Экономика Москванын арбитраждык соту кайрадан Кыргызстандын пайдасына өкүм чыгарды

Москванын арбитраждык соту кайрадан Кыргызстандын пайдасына өкүм чыгарды

6

жогорку сотМоскванын арбитраждык соту Москва соода-өнөр жай палатасынын (МТПП) алдындагы арбитраждын өкүмүн токтотту. Тактап айтканда, Кореянын жараны Ли Жон Бэктин жана «Central Asia FEZ Development Corporation» ЖЧКсынын Кыргызстандан 22,5 млн. доллар өндүрүү тууралуу арызына чечим чыгарды.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын кабарлашынча, Москванын арбитраждык соту ушул жылдын 6-майындагы отурумунда Кыргызстандын пайдасына өкүм чыгарган. Эми өкүм бир айдын аралыгында күчүнө кирет, ага чейин берки тарап доо арыз менен кайрылса болот. Бул иш боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын «Сатаров, Аскаров и Партнеры» юридикалык компаниясы коргогон.

Өкмөттүн маалымдашынча, мурдараак  Stans Energy Corp. жана  «Kutisay Mining» ЖЧКсынын Кыргызстандан 118 млн. доллар өндүрүү тууралуу арызына карата МТППнын алдындагы арбитраждык сотунун өкүмүн жокко чыгарганга жетишиптирбиз.