Домой Кызыктар дүйнөсү Мугалим үстөл менен кошо келген 100 миңди ээсине кайтарып берди

Мугалим үстөл менен кошо келген 100 миңди ээсине кайтарып берди

5

долларАКШнын Коннектикут штатында жашаган Раввин Ноа Мурофф башкаларга үлгү боло турган ишти жасаган. Ал интернеттен сатып алган үстөлдүн үйүнө киргизе албай убара болуп, айласыздан анын буроолорун чечип ажыратып, анан киргизгенге аргасыз болгон. Үстөлдүн тартмасын сууруп жатып, ар кандай кагаздар менен кошо чакан-чакан кылып таңылган 98 миң доллар таап алат. Бул туурасында ИТАР-ТАСС жазды.

“Мен дароо эле аялымды чакырдым. Экөөбүз саамга бири-бирибизди карап калдык да, акчаны ээсине тапшырыш керектигин түшүндүк”, -деп айтып берген Нью-Хейвен шаарынын мугалими Раввин Ноа Мурофф.

Үйдүн ээси ошол замат үстөлүн 150 долларга саткан аялга чалып, табылган акча жөнүндө билдирген. “Ал таңгалгандыктан апкаарып, алгач сүйлөй албай да калды. Акча ага мурас катары калыптыр, бул чоң сумманы тартмага катып, ошол бойдон таптакыр унутуптур”, -деп баяндап берген мугалим.

Эртеси күйөөсү менен аялы төрт баласын ээрчитип алып, акчаны ээсине жеткирип беришкен.

Айбат гезити №53