Домой Шоубизз Мустафа Сандал “Мейкин Азия” фестивалынын бюджетинин жарымындай гонорар сураган

Мустафа Сандал “Мейкин Азия” фестивалынын бюджетинин жарымындай гонорар сураган

1

Мустафа СандалАтактуу түрк ырчысы Мустафа Сандал “Мейкин Азия” фестивалына катышпай турганын акыркы мүнөттөрдө билдирген. Ал иш-чарага кеткен бюджеттин жарымындай гонорар сураган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Маданият, маалыматтык саясат жана туризм министри Султан Раев билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жалпы бюджети 4,5 млн сом. Раевдин айтымында Сандал Ысык-Көлдөгү фестивалга катышуу үчүн 50 миң доллар гонорар сураган. Бул дээрлик 2,5 млн сом.

“Тилекке каршы биз андай гонорарларды төлөй албайбыз”,- деди Раев. Министр ошондой эле түрк ырчысы иш-чарага бир нече күн калганда келүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Чет жактан чакырылган ырчылардын орточо гонорары 1 миң доллардан 2 миң долларга чейин. Бирок, фестивалда бекер эле ырдап берүүнү каалаган аткаруучулар да бар экенин Раев белгиледи.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227485