Домой Саясат Мыйзам тойгончо жеп, өлөрчө карганганга ишенеби?

Мыйзам тойгончо жеп, өлөрчө карганганга ишенеби?

21

Бакыт АбдыкапаровМурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров аялынын артына эле жашына бербестен, «өз алдымча дагы актанып көрөйүн» дегендей аракетин баштады. Тактап айтканда ал кыргыз тилдүү басылмалардын бирине маек куруп, өзүн өтө эле апакай көрсөткүсү келип, таптакыр күнөөсү жок наристе баланын образын жараткысы келген экен. «Кылычбек Арпачиев менин жердешим, бирок аны менен эч кандай мамилем жок» деп калптын казанын кайнатып отурганы эле анын кандай адам экенин көрсөтүп турган жокпу? Арпачиев менен Саляновалардын ортосунда жөнөкөй гана мамиле эмес, үй-бүлөлүк карым-катыш мамилеси бар экендигин кайда жашырат. Макул бүткүл Кыргызстандын эли билбесе дагы, аларды жакындан билгендер «Бу Абдыкапаров чыныгы жалганчы экен» деген ойдо калышты го. Эске сала кетсек, дал ушул эле басылмага убагында Аида Салянова дагы маек берип, күйөөсүн жерге-сууга тийгизбей таза көрсөткүсү келгени эсибизде. Кыязы, эрди-катын жубайлар биригип алып бир гезит аркылуу өздөрүн «өлөрчө» актайлы дешсе керек. Бирок, мыйзам деген нерсе бул актанууну эмес, конкреттүү фактыларды гана түшүнөт эмеспи? Муну Аида айымдын күйөөсү анчейин түшүнө бербесе дагы, өзү жакшы түшүнсө керек…

Айбат гезити №123