Домой Коом Мыйзамсыз менчиктелген ооруканалар мамлекетке кайтарылат

Мыйзамсыз менчиктелген ооруканалар мамлекетке кайтарылат

5

больницаМындай токтомду Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алды. Парламентте түзүлгөн атайын жумушчу топ ооруканалардын абалы менен таанышып, бир катар дарылоо мекемелеринин имараты жана аларга тиешелүү жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктаган. Буга байланыштуу бүгүн парламент депутаттары Башкы прокуратура менен өкмөткө өлкөдөгү бардык ооруканаларды текшерип, мыйзамсыз менчиктелгендерин кайтарып алуу тапшырмасын берди.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы 20 жылда өлкөдөгү ооруканалардын саны 2 эсе кыскарган. 1990-жылы өлкөдө 307 оорукана бар болсо, 2013-жылы алардын 117си калган. Саламаттыкты сактоо органдарына тиешелүү болгон имараттардын жана жер тилкелеринин менчиктештирилип кеткени ЖКда  талкууланды.  Ал эми ооруканадагы орундардын саны 42 миңден 27 700гө азайган.

Айбат гезити №71