Домой Саясат Мырзакматов Кадыровго ишенбейт

Мырзакматов Кадыровго ишенбейт

4

Мырзакматов МелисОппозиция лидерлеринин клейлесең да бирикпейт дегендер көп. Мында чындыктын үлүшү арбындай. Себеби, «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Кубанычбек Кадыровго ишенбей турганын, ал өзү каалаган кызмат сунушталса сатып кетиши мүмкүндүгүн айтып жакындарына ымандай сырын төгүптүр. Ошондой эле Кадыровду саясатчы катары калыптана электигин баса белгилеп, анын Ысык-Көл облусунда митинг уюштура албай жатканы – анын эл арасында аброю жоктугу менен түшүндүрдү дейт. Мелис Жоошбаевич Кадыровду ушинтип сыпаттап жаткан соң, демек, «балакайдын» деңгээли нөлгө барабар экени айтпасак деле түшүнүктүү. «Кыздын сыры төркүнүнө маалым» деген макал бекеринен айтылбаганы ушул эмеспи…

Айбат гезити №65