Домой Саясат Мырзакматов каякта? Бишкекте

Мырзакматов каякта? Бишкекте

11

Мырзакматов15-январдагы шайлоодо жеңилүү ызасын тарткандан кийин сыртка чыгып кеткен Мелис Мырзакматов 25-январда кайтып келди. Келери менен «балиттехнологу» Уран Ботобековго жолугуп, саясый кырдаал тууралуу пикирин укту. Андан соң «Акыйкаттын» жетекчиси Аликбек Жекшенкулов менен эт кайнамча баарлашып, түндүк чөлкөмүндө ири митингдерди өткөрүүгө колдоо сураганы чынбы? Буга Жекшенкулов кандай жооп кайтарганын чыны тактай албадык. Ошондой эле «Улуттар Биримдиги» партиясынын Бишкек шаарындагы координатору Кубан Мамбеталиевге саясый-экономикалык кырдаалды анализдеп, көзкарандысыз эксперттер менен жолугушууларды уюштуруу тапшырмасын коюптур. Кубан мырзанын жакындарына шыбыраганын эшитсек, жакынкы аралыкта ордолуу Ошто массалык акциялар болушу ыктымал. «Жеңилген күрөшкө тойбойт» демекчи, Мелис Жоошбаевич жеңилгенин жигитче мойнуна алып, эл тынчтыгын баарынан жогору коёрун билдиргенде республикалык масштабга көтөрүлгөнгө жолу ачылмак…

Айбат гезити №63