Домой Саясат Мырзакматов өз алдынча кетеби?

Мырзакматов өз алдынча кетеби?

7

Мырзакматов МелисУлуттук оппозициялык кыймылдын ачылыш аземине катышпай, Садыр Жапаров уюштурчу «элдик курултай» тууралуу позициясын так билдирбеген Мелисбек Мырзакматовдун жашыруун планы бар экен. Көрсө, ал оппозицияга кошулбай, өз алдынча кетүүнү көздөп жүрүптүр. Бул тууралуу жакынкы аралыкта билдирүү таратышы ыктымал дешет билермандар.

«Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» макалы аргасыздан эске түшөт. Башында бирге Ак үй, Көк үйдү «бомбаламакчы» болгон лидер чыкмалар ичинен ыдырай баштады. Мындай темпинен жазбаса, булар жакынкы күндөрү ич ара «согушуп»,  маалымат каражаттары аркылуу биринин үстүндө бири жугунду куюп, абийирлери айрандай төгүлбөйбү?

Айбат гезити №69