Домой Саясат Мырзакматов Үрүмчүдө эмес, Москвада…

Мырзакматов Үрүмчүдө эмес, Москвада…

8

Мырзакматов МелисОштун экс-мэри Мелисбек Мырзакматов Үрүмчүдө эмес, Москвада жүргөнүн ишенимдүү булагыбыздан кабарлашты. Ага ишенсек, «түшпөс хан» Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Аттокур Раимкулов менен колтукташа кызыл аянтты айланып, Ленинге түспөлдөшкөн адам менен сүрөткө түшүп жүрүптүр. Баса, А.Раимкулов качкын президент Курманбек Бакиевдин шилекей алышкан досу болсо, М.Мырзакматов Жаныш Бакиевдин көздөй кадры болгону маалым.

Мындан улам: «Бул эки азаматтын башы биригип калганына караганда, эски кожоюндары Бакиевдер менен байланышууга далалат кылып жүрүшөбү?» деген суроо жаралбай койбойт экен. Биз бул суроонун жандырмагын гезитибиздин кийинки санында чечмелейбиз.

Айбат гезити №74